Лекции.Орг


Поиск:




Көнүгүү: Диалог түзгүлө (Составьте диалог).




а) Сиз 2 кг күрүч сатып алганы жатасыз:

² 1 кг күрүч канча турат сураңыз;

² Анын сапаты жакшы жана арзан экенин айтыңыз;

² 1 кг сыр жана 1 коробка чай сураңыз;

² Канча турат сураңыз.

б) Сиз дүкөндөсүз. Бүгүн кечинде конок келгени жатат. Сизге кээ бир азык-түлүктөр, ичкилик жана суусундуктар керек:

² Дүкөнчү менен саламдашыңыз;

² Ала турган нерселердин баасын сураңыз;

² Сатуучудан тартып берүүсүн өтүнүңүз;

² Акчасын төлөп, коштошуңуз.

в) Сиз үйдө отурасыз. Туугандарыңыз сизге келгени жатышат. Жакын дүкөнгө барып керектүү нерселерди сатып алыңыз:

² Сатуучу менен саламдашыңыз;

² Сизге керектүү азык-түлүктөр барбы билиңиз;

² Баасын сураңыз;

² Азык-түлүктөрдү ороп берүүсүн өтүнүңүз;

² Акчасын төлөңүз.

 

 


 

  ОН БИРИНЧИ САБАК ОДИННАДЦАТЫЙ УРОК    

 

Адамдын көркү – кийимде

Одежда красит человека

 

Тема: Универсалдык дүкөндө (Соода үйүндө)

В универсальном магазине (В торговом доме)

 

Жаттагыла:

² Названия разных отделов в торговом доме;

² Названия одежды;

² Сделайте покупку в торговом доме;

² Названия цвета одежды;

² Система местных и заграничных размеров.

 

Грамматика: Табыш жөндөмө.

Винительный падеж.

Шилтеме ат атоочтор.

Указательные местоимения.

 

Жаңы сөздөр жана сөз айкаштар:

соода үй – торговый дом

баш кийимдер бөлүмү – отдел головных уборов

бут кийимдер бөлүмү – отдел обуви

сырт кийимдер бөлүмү – отдел верхней одежды

белектер бөлүмү – подарочный отдел

ич кийимдер бөлүмү – отдел нижней одежды

турмуш-тиричилик техникалар бөлүмү – отдел бытовой техники

парфюмерия бөлүмү – отдел парфюмерии

кездемелер бөлүмү – отдел тканей

булгаары галантерея – кож галантерея

калпак – шляпа, кыргызский национальный головной убор

бул сумканы көрсөтүп коюңузчу – покажите пожалуйста эту сумку

сиздин өлчөмүңүз кандай? – у вас какой размер?

канчанчы размер керек? – какой размер вам нужен?

кийип көрсө болобу? – можно примерить?

силерде … сатылабы? – у вас продаётся?

сизге бул жагабы? – вам это нравится?

кийип көрүңүз – примерьте?

чак экен – мне это подходит (впору)


тумак – шапка

топу – шапочка

жоолук – платок

тарак – расчёска

топчу – пуговица

ийне – игла

жип – нитки

төйнөгүч – булавка

сакал алгыч – станок для бритья

өтүк – сапоги

туфли – туфли

ич көйнөк – нижняя одежда

кур – ремень

атыр – духи

самын – мыло

тиш паста – зубная паста

тиш щётка – зубная щётка

бет май – крем для лица

кол май – крем для рук

упа – пудра

чыт – лён, сатин

жибек – шёлк

баркыт – бархат

чий баркыт – вельвет

өлчөм – размер

чак – подходит(впору)

чоң – большой

тар – узкий, маленький

ошол – тот

эмне каалайсыз? – что желаете?

бул канча турат? – это сколько стоит?

кымбат экен – это дорого

арзан экен – это дёшево


 

    СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ

– Силерде акыркы модалуу көйнөк барбы? – У вас есть платье по последней моде?

– Бул көйнөк канчанчы размер? – Какого размера это платье (рубашка)?

– Тигил калпакты көрсөтүп коюңузчу? – Покажите эту шляпу?

– Канчанчы размер керек? – Какой размер вам нужен?

– Аласызбы? – Вы берёте?

– Мага чоңураагы керек? – Они мне велики?

 

1-көнүгүү:Окугула, которгула жана ушу сыяктуу диалог түзгүлө (Прочитайте, переведите и составьте диалог).

а) – Эмне аласыз?

- Бул шым канча турат?

- 1850 сом.

- Оой, абдан кымбат экен.

 

б) –Кечиресиз, тигил кофтаны көрсөтүп коюңузчу?

- Канчанчы размер керек?

- 42 размер керек.

- Аласызбы?

- Кийип көрсөм болобу?

- Ооба, кийип көрүңүз.

 

в) –Силерде ич кийимдер кайсы бөлүмдө сатылат?

- Мына, бул бөлүмдөн караңыз.

- Сизге эмне керек?

- Мага 38 размер майка бериңизчи.

- Аласызбы?

- Ообо, алам.

г) –Сизге бул туфли жагабы?

- Ооба, жакшы экен.

- Жакса, кийип көрүңүз.

- Бул мага чак экен. Канча турат?

- 1550 сом.

    ГРАММАТИКА     ТАБЫШ ЖӨНДӨМӨ ВИНИТЕЛЬНЫЙ ПАДЕЖ    

Табыш жөндөмө обозначает объект действия. Табыш жөндөмө отвечает на вопросы:

кимди? – кого?

эмнени? – что?

 

Имена существительные (местоимения, имена числительные) в табыш жөндөмө имеют следующие окончания: «-ны, -ды, -ты»;

 

Имена существительные, местоимения, числительные + окончания табыш жөндөмө + примеры

 

После гласных - ны,- ни, - ну, - нү юбка+ны
После звонких согласных - ды, - ди, - ду, - дү шым+ды
После глухих согласных - ты, - ти, - ту, - тү калпак+ты
После аффиксов принадлежности 3 лица - н костюм+у+н

 

Бул шымды кийип көрөйүнбү? – Можно мне примерить эти брюки?

2-көнүгүү: Зат атоочтордун аягына табыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн улагыла (Прибавьте к существительным окончания винительного падежа):

 

бөлүм _____юбка____өтүк___

дүкөн _____кофта___сумка___

өнөр-жай дүкөн ____баш кийим___туфли___

парда____кездеме____мээлей___

шым____шляпа____жагоо____

 

3-көнүгүү: Сызыкчанын ордун толтургула (Допишите вместо пропусков):

Тигил жоолук_____ салын. Кара пальто_____ кийип көр.

Бул юбка_____ ченеп көр. Бул китеп_____ оку.

Кофта_____ топчула. Өтүк_____ чеч.

Терезе_____ ач. Эшик_____ жап. Стол_____ жылдыр.

Мээлей___ сатып ал.

 

4-көнүгүү:Төмөнкү сын атоочторду колдонуп, үлгү боюнча иштегиле (Используя следующие прилагательные, работайте по образцу):

Үлгү: – Кызыл батинкени көрсөтүп коюңузчу?

– Мына, көрүңүз.


кызыл – красный

жашыл – зелёный

сары – жёлтый

кара – чёрный

сарыкызыл – оранжевый

көк – голубой

күрөң – коричневый

сыякөк – фиолетовый

малакызыл – розовый


 

 

    ГРАММАТИКА     ШИЛТЕМЕ АТ АТООЧТОР УКАЗАТЕЛЬНЫЕ МЕСТОИМЕНИЯ    

 

Указательные местоимения отвечают на вопрос «кайсы? – какой

Бу (бул) – это

Тиги (тигил) – тот

Тетиги (тетигил) – вон тот

Ушу (ушул) – это, этот

Ошо (ошол) – тот

Мисалдар: Бу/бул кыз.

Тиги/тигил бала.

Тетиги/тетигил балдар.

 

СҮЙЛӨШҮҮ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ  

 

5-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү окуп, шилтеме ат атоочторду таап, сүйлөмдөрдү которгула (Прочитайте и переведите предложения, подчеркните указательные местоимения).

1) Бул көйнөк мага жакты.

2) Тигил дүкөнчү менин кошунам.

3) Тетигил кара шымды көрсөтүп коюңузчу?

4) Ушул юбка мага чак экен.

5) Бул пальтону аласызбы?

6) Ооба, ошол пальтону алам.

 

6-күнүгүү: Сүрөттөргө сөздөрдү тууралап, үлгү боюнча иштегиле (Найдите правильные слова к картинкам и работайте по образцу):

Үлгү: – Бул юбка чак бекен?

– Ооба, бул юбка чак экен.

– (Жок, тигил юбка чак экен)

– (Бул юбка чоң/тар экен)

 


костюм

кофта

көйнөк

пальто

кол кап

туфли

шляпа

батинке

өтүк

галстук

тумак

 

 

7-көнүгүү: Бул жоопторду карап кандай суроо берилгенин тапкыла (Правильно задайте вопрос вместо прочерка):

– _________________

– Шым алам.

– _________________

– Мына, көрүңүз.

– _________________

– 42-чи размер.

– _________________

– 1200 сом.

– _________________

– Ооба, алам.

 

    Келгиле сүйлөшөлү Давайте поговорим  

 

8-көнүгүү:Диалог түзгүлө (Составьте диалог).

а) Сиз соода үйүндө дүкөнчүсүз. Сатып алуучунун суроосуна жооп бериңиз.

б) Сиз сатып алуучусуз. Ар бир кийимдин баасын сураңыз. Ала турган кийимиңизди сатып алыңыз.

в) Сиз сатуучусуз. Кардар кандай өңдөгү, канчанчы размер шым, көйнөк, костюм, кофта ала тургандыгын сураңыз.

 

9-көнүгүү: Жаныңдагы кишини жакшылап кара. Анан тескери карап отургула да бирөөң сурап, экинчиңер ал кандай кийинип турганын үлгүдөгүдөй сүрөттөгүлө (Посмотрите друг на друга и опишите кто как одет по образцу).

Үлгү: – Мен эмне кийип турам?

– Сен сары көйнөк, кара шым, күрөң туфли кийип турасың.

 


 

  ОН ЭКИНЧИ САБАК ДВЕНАДЦАТЫЙ УРОК  

 

Тема: Почта

 

Жаттагыла:

² Сделайте междугородние и международные звонки

² Спросите адрес

² Отправка писем, посылок

² Покупка марок, конвертов

 

Грамматика: 1. Убакыт. Саат.

Время. Часы.

2. Өткөн чак.

Прошедшее время.

 

Жаңы сөздөр жана айкаштар:


кат – письмо

ачык кат – открытка

дарек – адрес

кабар – новости

жаз – написать

жөнөт – отправлять

жибер – отправить

сал – положить

толтур – заполнять

чал – звонить

сура – спросить

кара – смотреть

заказ бер – заказать

заказ ал – принять заказ

чакыр – позвать

айтып кой – сказать

өлкө – страна

шаар – город

көчө – улица

канча мүнөт? – сколько минут?

канчада? – во сколько?

кайсы күнү? – в какой день?

анан – потом, позже

угуп жатам – слушаю

азыр чакырам – сейчас позову

жарайт – хорошо

 


…. чакырыңызчы – позовите пожалуйста ….

эмне деп айтып коёюн? – что мне передать?

Бишкекке заказ алыңызчы – пожалуйста, примите заказ в Бишкек

ким менен сүйлөшөсүз? – с кем вы будете разговаривать?

канча мүнөт сүйлөшөсүз? – сколько минут будете разговаривать?

кайсы күнү сүйлөшөсүз? – в какой день….?

кантип толтурам? – как мне заполнять?

…. заказ алыңызчы – примите, пожалуйста заказ в ….

 

 

    СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ

 

– Саат канча болду? – Саат он болду. – Саат ондон беш мүнөт өттү. – Саат онго беш мүнөт калды. – Который час? – Уже 10 часов. – 10 минут одиннадцатого. – Без десяти десять.

 

1-көнүгүү:Окугула, которгула жана ушу сыяктуу диалог түзгүлө (Прочитайте и переведите).

1) – Алло, угуп жатам.

– Саламатсызбы? Марина барбы?

– Ооба, бар. Азыр чакырам.

 

2)) – Алло, Алмаз барбы?

– Жок, ал үйдө жок.

– Кечириңиз, ал качан келет?

– Бир аздан кийин келет го.

 

3) – Саламатсызбы? Эльмираны чакырып коюңузчу?

– Саламатчылык, Эльмира жумушта. Эмне деп айтып коёюн?

– Аман чалды деп коюңузчу.

– Макул, айтып коём.

 

4) – Алоо, сизди оператор угуп жатат.

– Кечириңиз менин телефонум иштебей калды.

– Номериңизди айтыңыз. Азыр текшеребиз, 2 мүнөт күтүңүз.

– Алло, телефонуңуз иштедиби?

– Сиз аппаратты туура эмес койдуңуз. Ошол үчүн телефонуңуз өчүп калды.

 

5) – Саламатсызбы, чоң кыз?

– Саламатчылык.

– Мага кат келдиби, карап көрүңүзчү?

– Сиздин фамилияңыз ким?

– Антонов Сергей.

– Сизге кат бар экен.

– Чоң рахмат.

 

6) – Америкага заказ алыңызчы.

– Бул бланкты толтуруңуз.

– Кантип толтурам?

– Биринчи өлкөнү жазыңыз, анан штатты жазыңыз, андан кийин шаарды, көчөнү жана үйдүн номери. Аягында – ким менен сүйлөшөсүз. Ирээти менен жазыңыз. Рахмат.

 

 






Поделиться с друзьями:


Дата добавления: 2016-12-05; Мы поможем в написании ваших работ!; просмотров: 1293 | Нарушение авторских прав


Поиск на сайте:

Лучшие изречения:

Большинство людей упускают появившуюся возможность, потому что она бывает одета в комбинезон и с виду напоминает работу © Томас Эдисон
==> читать все изречения...

1019 - | 833 -


© 2015-2024 lektsii.org - Контакты - Последнее добавление

Ген: 0.01 с.